www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Арча суу сактагычында балык уулоо эрежелеринин жана суу биоресурстарын коргоо талаптарынын сакталышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.

Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы уюштурду.

Рейддин жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жарандар аныкталып, аларга карата мыйзамда белгиленген тартипте 5 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, жарандар арасында экологиялык мыйзамдарды жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасап, балык уулоодо белгиленген талаптарды сактоого чакырды.

Последние новости