www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты 29-май күнү өткөрүлөт.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүтүрүү аземине байланыштуу окуучулардан жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат.

Ошондой эле мектептен тышкаркы кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверктерди жана башка жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга, ошондой эле балдардын автоунаа башкаруусуна жол берилбейт.

Мындан тышкары, бул күнү юбилейлик бүтүрүү кечелерин өткөрүүнү пландаган жарандарга дагы коопсуздук талаптарын сактоо эскертилди.

Ички иштер органдары акыркы коңгуроо күнү, ага чейин жана андан кийинки күндөрү өлкө аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөйт. Айрыкча жаратылышы кооз аймактар, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, көл жээктери жана автоунаа жолдору милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот.

Ички иштер министрлиги мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

 

 

 

Последние новости