www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда сел көпүрөнүн таянычын агызып кетти

Аксыда сел көпүрөнүн бир таянычын агызып, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Ак-Жол – Жолборсту унаа жолунун 1+300-чакырымында түнкү саат 02:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Келген сел сууларынын көлөмү көп болгондуктан, көпүрөгө батпай, анын бир таянычын агызып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган адамдар жок.

Учурда унаа жолу убактылуу жабылып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тийиштүү жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар жеринде калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат берилет,-деп айтылат маалыматта.

Последние новости