www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон соңку күндөрү жарыялаган Улуттук коопсуздук стратегиясы жана Улуттук коргонуу мыйзамы боюнча эки документ, АКШнын дүйнөлүк саясаттагы жаңы багытын айкын көрсөткөн сигнал болду. Бул стратегиялар Вашингтондун өнөктөштөрү менен атаандаштарына карата мамилесинде олуттуу өзгөрүүлөрдү камтып, көп полюстуу тартипке өтүү процессин чагылдырат.

Улуттук коопсуздук стратегиясы документинде АКШ мурдагыдай “дүйнөлүк тартипти кармоочу жалгыз күч” болбой калганын моюнга алат. Вашингтон Бээжин менен экономикалык байланышты тең салмактоону көздөйт. Бирок ачык конфронтациядан качып, прагматикалык мамиленин үстөмдүгүн сактайт.

Стратегия Европаны цивилизациялык коркунучка туш болгон аймак катары мүнөздөп, анын миграциялык саясатын, сөз эркиндигине байланышкан чектөөлөрүн жана демографиялык кризисин сынга алат.

Кызыгы жаңы стратегияда Орусия коркунуч катары түз аталбайт. Ал эми Украина боюнча АКШ тезирээк тынчтык издөөнү артыкчылык катары белгилеп, санкцияларды жумшартуу мүмкүнчүлүгүн да талкууга чыгара баштады.

Эксперттердин пикиринде, бул стратегия АКШнын мурдагы глобалдык лидерликтан акырындап алыстоосун, жоопкерчиликти өнөктөштөргө көбүрөөк бөлүштүрүүгө умтулушун жана дүйнөлүк саясаттын борбордон ажырап бара жатканын көрсөтөт. Эми Европа өзүнүн коопсуздугун көбүрөөк өзү камсыз кылууга тийиш болот. Ал эми АКШ ички приоритеттерин биринчи орунга коёт.

Последние новости