www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Коргоо министрлиги Кытайдын электр унааларын чыгарган BYD компаниясын кытай армиясы менен байланыштуу деп саналган компаниялардын тизмесине киргизди.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, бул тизмеге ошондой эле онлайн соода гиганты Alibaba жана издөө системасы Baidu да кошулган.
Alibaba менен Baidu өздөрүнүн Кытайдын аскердик түзүмдөрү менен байланышы бар деген айыптоолорду четке кагышты.
Белгилей кетсек, Пентагон мындай тизмени 2021-жылдан бери жарыялап келет. Бул реестрге киргизилген компаниялар менен АКШнын Коргоо министрлигине кызматташууга тыюу салынат.
Эксперттердин баамында, тизмеге киргизүү инвесторлор үчүн эскертүү болуп саналат жана келечекте бул компанияларга карата чектөөлөр күчөтүлүшү мүмкүн.
Буга чейин ушундай эле тизмеге киргизилген кытайлык электроника өндүрүүчү Xiaomi компаниясынын акциялары 11 пайызга арзандаган. Кийинчерээк компания сот аркылуу өз атын бул реестрден чыгарып салууга жетишкен.