www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат, Кочкордон чыккан белгилүү курулуш магнаты Рахатбек Ирсалиев АКШда бизнестин миң түрлүү чабыттарын өздөштөрүүнүн амалына өттү.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Рахатбек мырза учурда океандын ары жагында жүрөт. Саясат менен алектенүү курсак тойгузбасын сезген Ирсалиев 10 жылдай мурун бул жааттагы түйүнчөгүн түйүп, бизнеске биротоло баш баккан.
Ошондон бери ишкерчилигин ийгиликтүү улантып, эми чет өлкөгө чейин иш жүргүзүүгө шымаланууда. Бу бизнесмендин коңшу өлкөлөрдү мындай кой, АКШдан бизнес кылганына кан кудасы Кубатбек Байболов түрткү берген го. Болбосо Токтогул-Исанов көчөлөрү тараптан чыкпай, кыпчылып эле ошол жакта үй салып жүрчү.
Эми колдон келсе, АКШдан деле кыргыздын азаматынын ити чөп жей берсин да, туурабы?
Ийгилик Болсунбаев
Булак: "Азия Ньюс"