www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Ирандын түштүгүндөгү бир катар аскердик объектилерге, анын ичинде Бушер аймагына сокку урду. Ирандын бийлиги айрым жерлерде жардыруулар болгонун жана Бушер АЭСинин айланасына да сокку тийгенин билдирди.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку чабуулдардан 14 адам каза болуп, 78 киши жаракат алды.

Буга жооп катары Иран Кувейт, Катар жана Бахрейндеги айрым аскердик объектилерге дрон жана ракета менен сокку урганын жарыялады. Кувейт бийлиги бир нече ракета жана учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

АКШ бул операциялар Ирандын Ормуз кысыгында соода кемелерине жасалган чабуулдарына жооп экенин билдирсе, Тегеран мындай айыптоолорду четке кагууда. Ошол эле учурда тараптардын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу кайрадан солгундап, чыңалуу күчөп жатат.

Последние новости