www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ ортомчулар аркылуу Иран бийлигине согушту токтотуу боюнча планды даярдап тапшырды. Бул тууралуу «The New York Times» басылмасы билдирди.
Басылманын маектештеринин айтымында, план 15 пункттан турат жана алар башка маселелер менен катар баллистикалык ракеталарга, өзөктүк программага жана деңиздеги кеме каттамдарына тиешелүү. «NYT» кабарчылары документтин өзүн көрө электигин белгилешет.
«АКШ менен Ирандын ортосундагы негизги ортомчу Пакистандын кургактагы аскерлеринин жетекчиси Асим Мунир болгону кабарланууда. Ал Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен тыгыз байланышта болгондуктан, эки өлкө ортосунда билдирүүлөрдү жеткире алат», - деп айтылат маалыматта.
23-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Иран тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирген. Андан соң ал энергетикалык объекттерге сокку урууга беш күндүк мораторий жарыялаган. Ал эми Иран бийлиги сүйлөшүүлөр боюнча сунушту кабыл албаганын билдирип келет.