www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ армиясы Ирандын аймагына жаңы соккуларды жасай баштады. Бул тууралуу 21-июлда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү Ирандагы аскердик буталарга 11-түн катары менен сокку урууну баштады», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, операциянын негизги максаты — Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кеме каттамдарына коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн мындан ары алсыратуу.

Ошол эле күнү The Washington Post басылмасы Пентагон Иран менен созулуп жаткан жаңжалдын шартында бюджеттик каражаттардын олуттуу тартыштыгына туш болгонун жазды. Азыркы жана мурдагы аткаминерлердин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы Аскер-деңиз жана Аскер-аба күчтөрүнүн операцияларына бөлүнгөн каражаттар ушул айдын аягына чейин түгөнүшү мүмк үн.

Последние новости