www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Аскердик-аба күчтөрү “кыйын кырдаалдар үчүн” деп жаңы башкаруу учагын иштеп чыгууга 2,2 миллиард доллар каржылоону суранды. Бул тууралуу РИА Новости Пентагондун бюджеттик документтерине таянып билдирди.

Маалыматка караганда, сөз абадан башкаруу үчүн арналган E-4C учагы жөнүндө болуп жатат. Каражат келерки финансылык жылда бөлүнүшү пландалып, бул сумма учурдагы бюджетке салыштырмалуу 23,2 пайызга көп.

Жаңы учак учурда колдонулуп жаткан E-4B үлгүсүн алмаштырат. Ал өзөктүк жарылуу, электромагниттик таасир сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда корголгон “аба командалык пункту” катары иштейт. Мындай учактан АКШнын жогорку жетекчилиги, анын ичинде президент жана коргоо тармагынын жетекчилери, жердеги инфраструктура бузулган шартта да аскердик күчтөрдү башкара алат.

Документте долбоорду ишке ашыруу үчүн Sierra Nevada Corporation компаниясы менен келишим түзүлөрү белгиленген. Жаңы учактын долбоорлоо иштери 2031-жылдын аягына чейин аякташы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Пентагон аба базаларынын инфраструктурасын жаңылоого жана жаңы учактарды сатып алууга 5,4 миллиард доллар бөлүүнү пландап жатат. Бул иштер 2029-жылдан тарта башталары айтылган.

Последние новости