www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксай жана Соң-Көл жайлоолорунда жайыт экосистемаларынын абалын баалоо боюнча комплекстүү илимий изилдөө жана мониторинг жүргүзүлдү.
Изилдөө иштери 29–30-июль жана 4-август күндөрү Erasmus+ программасынын «SA2CC» (Туруктуу айыл чарбасы) долбоорунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун окумуштуулары тарабынан өткөрүлдү.
Экспедицияны окумуштуу Эрмек Байбагышов жетектеп, изилдөөгө окутуучулар Адилет Мамырбаев, Адилет Жапаров жана Мырзабек Кылычбеков катышты.
Изилдөөнүн негизги максаты — климаттын өзгөрүшүнүн шартында мал чарбачылыгы жана туризм сыяктуу антропогендик факторлордун жайыт экосистемаларына тийгизген таасирин баалоо.
Экспедициянын жүрүшүндө топурак жана өсүмдүктөрдүн үлгүлөрү алынып, жайыттардын биоартүрдүүлүгү жана деградациялануу деңгээли талданды. Мындан тышкары, туристтик-рекреациялык жүктөмдүн табигый ландшафтка тийгизген таасири изилденди.
Жайыттардын абалын мониторингдөөдө долбоордун алкагында алынган дрондор жана өсүмдүктөрдөн үлгү алуу үчүн атайын жабдуулар колдонулду.
Изилдөөнүн жыйынтыктары жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу жана деградацияланган аймактарды калыбына келтирүү боюнча илимий сунуштамаларды иштеп чыгууга негиз болот.