www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ар-намыс жана кадыр-барк, майтарылбас эрк жана ыйык милдетке жан-дили менен берилүү, жанын курмандыкка чалууга даяр туруу чек арачылардын айырмаланып турган сапаттарынан», - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Чүй облусундагы «Васильевка» чек ара бекетине барган учурда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.

Ал чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Чек арачылар күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Быйыл Кыргызстандын Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнө 21 жыл толуп отурат. Тарыхый ченем менен алганда бул аралык анча деле көп убакыт эмес. Бирок биз мамлекетибиздин жаңырган Чек ара кызматынын калыптанышына күбө болуп келе жатабыз. Өз тарыхында чек арачылар душмандарды биринчилерден болуп каршы алып, Мекен чегин көздүн карегиндей сактап, аскердик антка жана кызматка берилгендигин далилдеди», - деди Акрам Мадумаров.

Ал чек араны коргоо кылымдар бою эң бир жооптуу, оор жана ардактуу милдеттерден болуп келгенин, аны аткарууну Мекен мыкты жоокерлерге гана ишенип тапшырарын белгиледи.

«Мезгилдин жана мекендин коопсуздугуна коркунуч жараткан чакырыктарга жооп берүү менен, өлкөнүн чек арачылары эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, терроризм коркунучтарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы аракеттенүү боюнча маанилүү милдеттерди чечип жатат. Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу ыйык милдетин аткарууда, чек арачылар мындан ары да күжүрмөн даярдыктар чеберчилигин жакшыртып, иш жүзүндө элибизге жана Ата Мекенге берилгендигин далилдейт деп терең ишенем. Өзүнүн ак ниет иштери менен мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн бекемдеп, анын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоп келген Чек ара аскерлеринин ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем», - деген вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек арачыларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости