www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медициналык билим берүү реформасынын алкагында, мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн жогорку окуу жайлардан аккредитациясы бар ЖОЖдорго 10,1 миң студент которулууга тийиш. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон такташкандай, колледждерде билим алып жаткан 1,8 миң студент дагы башка окуу жайларга которулат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги которулган студенттердин так статистикасын бере элек, анткени айрым ЖОЖдордо азырынча жыйындар өтүп жатканы баса белгиленди. Которуу процессин 28-августка чейин аяктоо пландалууда, анткени 2-сентябрдан тарта болочоктогу медиктер үчүн онлайн-окутуу башталат.
Ошондой эле чет элдик студенттердин бир бөлүгү Кыргызстанга келе электиги белгиленди.
Студенттерден арыздарды кабыл алуу 10-августка чейин жүргүзүлгөн.