www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол» фитосанитардык көзөмөл постунда Казакстан Республикасынан ташылып кирген 8600 килограмм калемпир текшерүүдөн өткөрүлүп, документтеринде мыйзам бузуу аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын маалыматына ылайык, жүктүн фитосанитардык сертификатындагы маалыматтар транспорттук коштоочу документтердеги маалыматтарга дал келбегендиги белгилүү болгон.

Натыйжада сертификат жараксыз деп табылды.

Аталган факт Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун 3.7-пунктуна ылайык каралып, жүк кайра жөнөтүүчүсүнө кайтарылды.

Последние новости