www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Ак-Суу районунда бир нече адам тарабынан сабалганы айтылган жарандын өлүмү боюнча маалымат тараган.
Маркумдун жакындары президентке кайрылып, окуяны тыкыр иликтөөнү жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын көзөмөлдөөнү өтүнүшкөн.
Милициянын маалыматына ылайык, 29-июнда Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнөн 2003-жылы туулган жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Текшерүү учурунда маркум Мамлекеттик күзөт кызматында күзөтчү болуп иштеп келгени аныкталган.
Алдын ала маалымат боюнча, 29-июнда саат 07:40 чамасында кызматтык сапта турган учурда күтүүсүздөн эсин жоготуп кулап, медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан көз жумган.
Маркумдун денесин кароо учурунда оор жаракаттар аныкталган эмес. Бирок көкүрөк тушунда көгөргөн жана сыйрылган тактар табылып, алардын пайда болуу себептерин аныктоо үчүн соттук экспертизалар дайындалган.
Ошондой эле 22-июлда Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун 1992-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын бир тууган иниси 12-июнга караган түнү Ак-Суу районундагы айылдардын биринде белгисиз адамдар тарабынан сабалып, денесинен жаракат алганы айтылган.
Арызда жабырлануучу окуя тууралуу эч кимге билдирбестен Бишкек шаарына иштегени кеткени жана кийин 29-июнда каза болгону көрсөтүлгөн.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, күбөлөр суралган. Натыйжада окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып, алар Ак-Суу районунун беш тургуну экени такталган.
Учурда бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.