www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан өз ордунда калат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Нариман Түлеев билдирди.
Анын айтымында, учурда фонтан заманбап талапка ылайык реконструкцияланууда.
"Курулуш иштерине байланыштуу алынган фонтан жана анын жанындагы ат эстеликтер кайра ордуна коюлат. Ал жерди "Айчүрөк" соода борборунун жетекчилиги жасаттырууда. Фонтандын айланасы жашылдандырылып, дарактар отургузулат. Шаардыктар ойлонбой эле койсо болот, баары мурдагыдан да жакшы болуп жасалып, ордуна коюлат”,-деди Түлеев.