www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ мурунку фейки жарабай калып жаӊы фейк даярдап менин уулум Алмазды ИИМде суракка алып баштады. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Урматту достор! Азыр жаӊы кабар келди. ИИМ мурунку фейки жарабай калып жаӊы фейк даярдап менин уулум Алмазды ИИМде суракка алып баштады. Мурунку тергөөчүсү кылган чоӊ заслугасы үчүн кызматы жогорулап кетиптир. Буларда уят да. Мыйзам алдында, эл алдында жооп берем деген түшүнүк да жок окшойт.
Эми ушул баракча аркылуу Башкы Прокурор Зулушев Курманкул мырзага кайрылам. Себеби бул киши билими жогору, түшүнүгү бар принципиалдуу адам деп уккам. КРСУну бүтүптүр. Балким ИИМдин тергөөчүлөрүнө мыйзам чегинде үй камагына чыгарып коюп тергегиле деп айтканга алы жетээр. Жок сот чечет деп Президентке окшоп отура берсе эл аралык деӊгээлге чыгууга туура келет. Мен эч кимди коркутпайм. Чакырык же кайрылуу эмес. Болгону Информация», - деп жазган Сарыбаев.
Эске салсак, Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. 16-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга абакта калтырган. Эки апталык карантинден өткөн соң ал Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго жиберилет.
Булак: NazarNews.kg