www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея деген өлкөнүн башчысы дүйнөнүн менен деген державаларын «жардырып жиберем» деп коркутуп эле келе жатат. Бирок, ааламдын алпы болгон өлкөлөр андан чындап эле коркуп, чочулап, атургай эсептешип да турушат. Ал эми Кыргызстанда да бир «жардыргыч» бар. Айтылуу Турсунбек Акун деген киши. Бул киши азырынча элди эч бир эриктирбей келет. Кайда жүрсө ызы-чуу. Ушул киши Азиз Батукевди абактан чыгарып узатканда акыйкатчы кызматын аркалап турган.

Кимди коргоп жатканын аңдабай калган Туке Батукаевге «адвокат» болгонун унута элекпиз. Учурда Батукаев маселеси кайрадан кызуу талкууга алынып турганда бул киши «мен эми бомба жарам» деп чамынып жүрү. Бирок, андан эч ким деле корккон жок. Болгону өзүн эле жардырып жибербесе деген ой да. Анткени, коомчулукта «Батукаевди чыгаруудагы эмгеги үчүн Тукеге берилген 200 миң доллар жасалма акча болуп калыптыр» деген кеп удургуп жүрөт.

Балким чын эле Турсунбек мырза «эмгек акысын» учурунда сандыктын түбүнө аябай бекем катып алгандыктан өтө кеч билгендир. Ким билсин, айтор Туке чын эле күйүптүр эй. Ошондон улам «бомбасын» дайыма көтөрүп жүрү. Аттиң, Тукенин «бомба» дегендери дегеле жарылбай коюп ит кылчу эле.Эми мунусу кантээр экен?

Булак: "De-facto"

Последние новости