www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Африкада өлүмгө алып келүүчү Эбола вирусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Демократиялык Конго Республикасындагы расмий маалыматтарга ылайык, өлкөнүн чыгышында 867 шектүү учур катталып, алардын 204ү каза болду.
Африка Биримдигинин медицина мекемелери вирус башка өлкөлөргө да жайылышы мүмкүн экенин эскертишти. Учурда Түштүк Судан, Руанда, Кения, Танзания, Эфиопия, Бурунди, Ангола, Борбордук Африка Республикасы жана Замбия сыяктуу 10го жакын өлкө коркунуч зонасында турат.
Адистер бул эпидемия “Бундибугио” штаммы менен байланыштуу экенин билдиришүүдө. Бул түр 2007-жылы биринчи жолу аныкталган жана ага каршы расмий вакцина же атайын дарылоо азырынча жок.
Илимпоздордун айтымында, Эбола коронавирус сыяктуу аба аркылуу оңой жукпайт, негизинен оорулуу адамдын кан же башка биологиялык суюктуктары менен түз байланыш аркылуу жугат.