www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Европа комиссиясынын коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Питер Соренсен менен жолугушту.

Талкуунун негизги темасы Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын ЕБнын авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселеси болду. Жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло да катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Питер Соренсендин сапары өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин баса белгиледи.

"Биз Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнү артыкчылыктуу багыт катары карайбыз жана европалык институттардын авиациялык коопсуздук маселелерине болгон профессионалдык мамилесин жогору баалайбыз", — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин түзүү жөнүндөгү чечиминин аркасында тармактагы абал түп-тамырынан бери өзгөргөндүгү баса белгиленди. Бул мамлекеттик жөнгө салуунун заманбап системасын курууга, көзөмөлдү күчөтүүгө жана ИКАОнун дүйнөлүк стандарттарын киргизүүнү камсыздоого мүмкүндүк берди.

Адылбек Касымалиев жүргүзүлгөн реформалардын конкреттүү натыйжалары жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, жүргүнчүлөрдүн агымы 2021-жылы 3,9 миллион адамдан 2025-жылы 6 миллиондон ашык адамга чейин көбөйдү, рейстердин саны 34 миңден 52 миңге чейин көбөйдү (өсүш 53%), өлкөнүн бардык 11 аэропортунун иши калыбына келтирилип, модернизацияланды.

«Узак аралыкка каттамдарды баштоо боюнча пландарыбыз иш жүзүнө ашты. Менчикке Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак алынды, ал эми 2030-жылга чейин лизинг шартында дагы 10 аба кемесин жеткирүү пландалууда», — деп билдирди МинКаб башчысы жана реформалардын системалуулугу эл аралык аудиттин маалыматтары менен тастыкталып жатканын белгиледи: ИКАОнун линиясы боюнча Кыргызстанда стандарттарды натыйжалуу киргизүү деңгээли 85,76%га жетти.

Өз кезегинде Питер Соренсен көрүнгөн ийгиликке жогорку канааттануусун билдирди. Ал мыйзам чыгаруу жаатында жана ченемдик базаны өркүндөтүүдө жасалган олуттуу кадамдарды кубаттап, европалык тараптын бул мөөнөттө жетишилген натыйжаларга таасирленгенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын өкмөтү тарабынан авиация тармагын колдоо деңгээли чындап эле таасирдүү.

Ошондой эле Соренсен Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов менен активдүү жана жемиштүү байланышта экенин ырастап, мындан ары да кесиптик талкууга даяр экенин билдирди. Еврокомиссиянын өкүлү учурдагы сапар баалоонун ачык процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат жана акыркы чечим 2026-жылдын май айында ЕБнын тиешелүү комитетинин жыйынында кабыл алынарын кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы тармактын мыйзамдык жана институционалдык базасын иш жүзүндө бекемдөөнү улантаарын ырастады. «Бул маселе биз үчүн сөзсүз артыкчылыктуу болуп саналат. ЕБ тарабынан оң чечим кабыл алынышы авиациянын жана өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем», — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Последние новости