www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абалга арналган жыйын өткөрдү.
Жыйында өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселеси талкууланып, күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын импорттоо, керектүү запастарды түзүү, тарифтерди жөнгө салуу жана мамлекеттик субсидия берүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин маалыматы угулду.
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылуу, рыноктогу абалга туруктуу мониторинг жүргүзүү, мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштерин күчөтүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү боюнча тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.