www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн тышкы карызы боюнча айтылып жаткан кооптонууларга жооп берип, учурда тышкы карыз экономикалык туруктуулук үчүн коркунуч жаратпай турганын билдирди.
Анын айтымында, тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукцияга (ИДП) карата бааланат.
Учурда Кыргызстандын ИДПсы 2 триллион сомго жеткендиктен, карыздын көрсөткүчү мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөндөдү.
Касымалиев жөнөкөй мисал келтирип, мурдагы президенттердин мезгилиндеги карыз жүгүн салыштырды.
Анын айтымында, Акаевдин тушунда ар бир 100 сом кирешеге 120 сом карыз туура келсе, Бакиевдин мезгилинде – 80 сом, Отунбаеванын убагында – 60 сом, Атамбаев менен Жээнбековдун тушунда – 68 сом болгон. Ал эми азыркы учурда бул көрсөткүч 39 сомду түзөт.
Министрлер Кабинетинин төрагасы ошондой эле азыр алынган тышкы насыялар ири инфраструктуралык долбоорлорго багытталып жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай долбоорлор келечекте өзүн актап, бюджетке кошумча жүк жаратпайт.
Ошондой эле ал 2020-жылга чейин бюджеттик тартыштык 20 миллиард сомду түзүп, ИДП болгону 640 миллиард сом болгонун эске салып, ошол учурда тышкы карызды төлөө маселеси олуттуу көйгөй жаратканын айтты.
Касымалиевдин белгилешинче, учурда жана келечекте тышкы карызды төлөө боюнча олуттуу тобокелдик жок.
Ошол эле учурда президент тарабынан мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 50 пайызынан ашпоосу боюнча чек коюлганын айтып, өкмөт бул багытта этият саясат жүргүзөрүн кошумчалады.