www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын орун басары Али Багери менен жолугушту 

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 13-майда, Иран Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-чи жолугушуусунун алдында өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык процесстер талкууланды. 

Мындан тышкары, эки жактуу кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын ролу, ошондой эле уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун мааниси баса белгиленди.

 

Последние новости