www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Валюталардын курсу тынбай өзгөрүп, олку-солку болуп жатканда, мындай кадам жарандарыбыздын каражаттарын сактап турууга өбөлгө түзөт", - деди бүгүн, 1-мартта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Абдырахман Маматалиев.

- Абдырахман агай, президенттин акчаны алтын менен сактоого өткүлө деген сунушу орундуу элеби?

- Негизи акчаны алтын менен сактоо туура. Эзелтеден эле адамдар байлыгын алтын менен сактаган. Каалаган учурда алтынды акчага же мал-мүлккө алмаштырууга мүмкүнчүлүгү болуп келген.

Азыркы дүйнөдөгү ар кандай кризистер учурунда бул өзгөчө актуалдуу. Валюталардын курсу тынбай өзгөрүп, олку-солку болуп жатканда, мындай кадам жарандарыбыздын каражаттарын сактап турууга өбөлгө түзөт.

Бирок, сатып алуу, сактоо,кайра сатуу тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл го. Кээ бир колунда бар адамдар эле болбосо, көпчүлүктүн алтын сатып алуу, сактоо жөнүндө түшүнүгү деле жокко эсе. Анан, алтындын баасы да өзгөрүп турарын, кээде төмөндөп кетерин да унутпашыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости