www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев өзгөчө абал учурунда иштеген укук коргоо органынын кызматкерлеринин кошумча айлык маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылды.

"Коронавирустун биринчи толкунунан Кыргызстан өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизип, элдин биримдиги менен өтүп жатабыз. Күч медицина кызматкерлери, ИИМдин кызматкерлери, жергиликтүү бийликте болду. Ушул үч бутакка рахмат айтып коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө абал кандай? Медицина кызматкерлер кошумча айлык акысын алышты. ИИМдин кызматкерлери күн-түн дебей, тикесинен тик туруп иштеп беришти. Ошолордун кошумча айлык акысын төлөп берүү маселесин чечип бериле элек. Тез аранын ичинде бул маселени чечип берүү зарыл", - дейт Карашев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости