www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган 8 адамдын соту уланууда.

Жактоочу Акынбек Ногоев айыпталуучулар соттун ачык өтүшүн талап кылып жатканын ЖМКларга билдирди.

"Төртүнчү күнү биз ишти ачык карагыла деп өтүнүч келтиргенбиз. Ал жерде купуя деген сыр бар. Бирок ал купуя сырды бизге көрсөтпөйт экен. Сот менен прокурор өзү көрүп, бирок ал купуя сырлар иште болбогондон кийин ишти ачык карагыла деп талап койдук. Бирок, тилекке каршы, судья канааттандыруусуз калтырып койду. Негизи бардыгы тең соттун ачык өтүшүн талап кылып жатат.

"Бул жерде эч кандай кылмыш курамы жок, ачык өткөрүүнү талап кылабыз, себеби эл да билсин, биздин бул жерде эч кандай күнөөбүз жоктугун баары билсин" деп баары талап кылып жатат. Анын ичинде Камчыбек Кыдыршаевич да ошондой талапты коюуда", - деди жактоочу Акынбек Ногоев.

Журналисттер экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу менен мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевден ушул маселе боюнча суроо узатышты.

Курманкул Зулушев "Бул боюнча сиз суроону органга бериңиз да. Урматтуу журналисттер, купуя иш боюнча эмнени айта алам? Бир эле суроо боюнча кайра-кайра келе бересиздерби? Аны (суроону) сотко бергиле",- деди.

Нурлан Тургунбек уулу "Бул укук коргоо органдарынын жана тергөө органдарынын чечими да", - деп жооп берди.

Бул иште Камчыбек Ташиев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге бөгөт чарасы катары тил кат менен бошотуу тандалган.

Ал эми алар менен кошо айыпталган 5 киши 10 – февралдан бери камакта.

Последние новости