www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“75чилердин каты”: Суракка Досбол Нур уулу келди

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деп аталган кылмыш иши боюнча соттук отурумда күбөлөрдү суракка алуу башталды.

Күбө катары көрсөтмө берүү үчүн сотко Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу келишти. Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында алардын да аты-жөнү бар.

Ички иштер министрлиги ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан, сот отурумдары жабык өтүп жатат.

Бул иш боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушевге “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Алар азыр эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте жүрүшөт.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер жана экс-депутат Аалы Карашев, ошондой эле ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Алар камакта кармалууда.

Последние новости