www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда «75 кат» иши боюнча апелляциялык арыздарды кароо башталды.

Иш боюнча айыпталгандардын арасында мурдагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев бар. Ошондой эле президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу кайрылууга кол койгон Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев да айыпталуучулардын катарында.

Июль айынын башында Биринчи Май райондук соту бардык фигуранттарды бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп таап, төрт жылдан эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Бирок жаза үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырылган.

Апелляциялык арызды кароо жабык режимде өтүүдө. Иштин катышуучуларынын бири, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев сот отурумунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Ал сот отуруму ачык өтө турган болсо, журналисттерге комментарий берерин айтты.

«Азыр башталсын, эгер ачык болсо, маалымат беребиз», — деди ал.

Өкүмгө Башкы прокуратура жана айыпталуучулардын жактоочулары апелляциялык арыз беришкен. Сот отуруму жабык режимде өтүүдө. Процесске Камчыбек Ташиев да келди.

Последние новости