www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“75чилердин иши” боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум 27-августка жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири Бекболот Талгарбековдун сотко келбей калганы себеп болду.
Иш боюнча шаардык сотто күбөлөр сурала баштаган. Райондук сот буга чейин Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана дагы алты адамды бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда аларга үч жылдык пробация берилип, сот залынан бошотулган.
Учурда райондук соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыздар шаардык сотто каралууда.