www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген көрүүчүлөр үчүн Бишкектин ар кайсы аймактарынан «Бишкек Аренага» акысыз шаттл-автобустар уюштурулат.

Шаттл-автобустар 14:00дөн 16:00гө чейин 21 жөнөө пунктунан каттайт. Акыркы автобус жөнөө пункттарынан саат 16:00дө чыгат.

Акысыз транспортту ачылыш аземине билети же чакыруусу бар көрүүчүлөр пайдалана алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

  1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
  7. Тунгуч кичи району, 64/1, акыркы аялдама;
  8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
  9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
  11. Алтымышева көчөсү, 98/1;
  12. Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
  13. Эркиндик бульвары, 1/А (темир жол бекети);
  14. Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
  15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  16. Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (ДЭПО-2);
  17. Москва көчөсү, 239, №4 электробустун акыркы аялдамасы (ДЭПО-1);
  18. Дэн Сяопин проспектиси, 209;
  19. Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
  20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  21. Тыналиев көчөсү, 16.

Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр шаарга кайтуу үчүн «Бишкек Аренага» келген багыты боюнча ошол эле каттамдагы шаттл-автобустарды пайдалана алышат.

Бишкек мэриясы көрүүчүлөрдү транспортко кезек күтүп калбоо жана азем башталганга чейин өз орундарын ээлөө үчүн жөнөө пункттарына алдын ала келүүгө чакырат.

Последние новости