www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-класстын окуучулары үчүн «Табигый илимдер. Мен жана дүйнө» окуу-методикалык комплексинин экинчи бөлүгү жарык көрдү.
Маалыматка ылайык, окуу китеби жалпы 178 миң 512 нускада басылып чыкты.
Анын 103 миң 754 нускасы кыргыз тилдүү мектептерге, 74 миң 758 нускасы орус тилдүү мектептерге арналган.
Буга чейин аталган комплекстин биринчи бөлүгү да ушундай эле санда басылып, өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилген.
Ошентип, 3-класстар үчүн «Табигый илимдер. Мен жана дүйнө» окуу-методикалык комплекси эки бөлүктөн туруп, жалпы 357 миң 024 нускада даярдалды.
Жакынкы күндөрү окуу-методикалык комплекстерди мектептерге жеткирүү иштери башталат.