www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимер пленкадан жасалган пакеттерди жана айрым пластикалык буюмдарды өндүрүүгө, сатууга, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү тармагында кардарларга акысыз берүүгө тыюу салынат.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган чектөөлөр пластикалык булганууну азайтуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында этап-этабы менен ишке ашырылууда. Алгач мындай тыюулар 2023-жылдан тартып Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында күчүнө кирген.
Министрлик белгилегендей, пластмассадан жасалган буюмдар табиятта 400–700 жылда, ал эми полиэтилен пакеттер 100–200 жыл аралыгында гана толук чирийт. Ушундан улам өлкөдө экологияга зыянды азайтуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында пластикалык продукцияларды колдонууга чектөөлөр акырындык менен кеңейтилүүдө.