www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу шаарындагы жол куруу иштерине байланыштуу жарандардын кайрылуусунан кийин текшерүү жүргүзүлүп, асфальт төшөөдө бир катар кемчиликтер аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, айрым тилкелерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана технологиялык талаптар толук сакталбаганы белгиленген.

Бул жолдор Аматов көчөсүндөгү №2, 4, 6, 8 жана 86 даректериндеги көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын көрктөндүрүү долбоорунун алкагында курулуп жаткан.

Кемчиликтер боюнча «Ош Спец Строй» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, аныкталган мүчүлүштүктөрдү белгиленген мөөнөттө жоюу тапшырылды.

Последние новости