www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2-Аймактар аралык башкармалыгынын начальниги болуп Мырза жигит Маматкарим уулу дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини бүгүн башкармалыктын эмгек жамаатына Агенттиктин директорунун орун басары Р.А. Кубаталиев тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда Кубаталиев жаңы жетекчинин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, башкармалыктын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдө жана жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууда ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого жана мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Мырза жигит Маматкарим уулу көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик менен аткарып, жамаат менен биргеликте коюлган максаттарды ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.

Последние новости