www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери Кытайдан Кыргызстанга алып келинген 12 HOWO 371 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын шасси идентификациялык номерлери өзгөртүлгөнүн аныкташты.
Маалыматка ылайык, унаалар «О. А.Ю.Х.С.» ЖЧКсынын дарегине алып келинген.
Бажылык көзөмөл учурунда «Кант» БТЖсында алардын алгачкы маркировкалары өзгөртүлгөндүгүнүн белгилери табылган.
Унаалардын маркировкасынын өзгөртүлүшүнүн жагдайларын аныктоо үчүн соттук-эксперттик изилдөөгө жөнөтүлгөн.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, 12 унаанын тең шасси идентификациялык номерлери жасалма жол менен өзгөртүлгөн.
Баштапкы маркировка түшүрүлгөн жерлердеги металлдын үстүңкү катмары алынып, анын ордуна жаңы белгилер түшүрүлгөн.
Чогултулган материалдар андан ары кароо үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мамлекетке келтирилген 9 млн 558 миң 740 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлүп алынган.
Учурда аталган транспорт каражаттары «ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна жайгаштырылган.