www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Талас, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
түнкүсүн +14...+19
күндүз +26...+31
Талас облусунда
түнкүсүн +10...+15
күндүз +24...+29
Баткен облусунда
түнкүсүн +18...+23
күндүз +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +18...+23
күндүз +30…+35
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +12...+17
күндүз +24...+29
Нарын облусунда
түнкүсүн +10...+15
күндүз +24...+29.
Бишкек шаарында күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Түнкүсүн +16...+18°,
күндүз +29...+31° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Түнкүсүн +16...+18°,
күндүз +24...+26° жылуу болот.
Булак: NazarNews.kg