www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сырдарыя облусуна караштуу Гулистан шаарында бир жаштагы баласын сатууга аракет жасаган келин кармалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 21-июлда Улуттук коопсуздук кызматынын Сырдарыя облустук башкармалыгы өткөргөн ыкчам иш-чаранын алкагында бир жашар баласын сатууга аракет жасаган 25 жаштагы аял кармалган.

Ал баласы үчүн 17 миң доллар алып жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости