www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүнүктүү коомдук ишмер, дарыгер, Апрель Элдик революциясынын баатыры маркум Оморбай Нарбековду анын бир тууганы Гүлзат айым эскерди.

“Оморбай ата, Жамал энеке, мен сиздерди өлүмгө ыраа көрбөй турам, улам элеңдеп эшикке чуркап чыгып, жолуңузду карайм, атамдан артык көргөн адам элеңиз, бир тууган болсок да, дайыма мени: ”Гүлзат, мен сени өз кызымдай көрөм, менин көкүрөгүмдө медицинанын кайсы илими болсо ошонун баарын сага айтып бердим, баарын кулагыңа түй, атаң бул жарыкчылыкка түркүк болор пенде эмес, оозумдан чыккан ар бир сөздү жадыңда сакта, непадам көзүм өтүп кетсе, ошонун баары кылдыраган жарыкчылыкта пайдасы тиер кызым, он жылдан ашуун экөөбүз биргелешип иштеп, илбериңки мамилең, тапшырма берсем так аткарган жоопкерчилиңден улам, алтынбай кызым, сени өз балдарымдан кем көрбөйм!” дечү элеңиз.

5-июлда жапжашынакай болуп жумушка келип, сыркоолууларды кабыл алып отурбадыңыз беле, онтогон оорунун илебин жүзүңүздөн байкабадым эле, кайра мага дем берип, “эртең кудакааласа жумушка чыгабыз, анда эмесе, байбичем экөөбүз ысык шорпо-шилең ичип, неберемди тумшугума басып, жашоонун кереметине батайын!” деп үйгө жөнөгөнүңүз эсте калыптыр...
Ыйлап отуруп сизди тирилтип деле албадым, биртике тамак жасап, куран окутам, менин үстүмө асман түшүп кеткендей ээнсиредим. Атакебай, энекебай эмнеге караңгы дүйнөгө эгиз козудай ээрчишип кетип калдыңар? Бири кем 80 жашта кеттиңиздер, келерки жылы 80 жылдык мааракеңерди өткөрөбүз деп чамынып-камынып атпадык беле, атаны арман дүйнө, экөөңөрдү жулдуруп ийип, боздоп отурам.

Жумушка келем да, сиз отурган жерди телмире тиктеп, шолоктоп ыйлайм, анан сиз келериңиз менен түтөткөн адырашмандын жайык табагын алып, каканактап ыйламай мен үчүн өнөкөт адатка айланды.Койчу жашыбайын,көз жаш арбактын рухуна суу болуп тирүү адам менен байланышты алыстат дейт. Оморбай ата, өзгөчө жан элеңиз, мендеги бардык жакшы сапатты сиз ийге келтирип, ыйбаалуу, ыймандуу, кичи пейил болууга сиз гана тарбияладыңыз. Эс тутумуңуз күчтүү эле, кайсы жыл болбосун, так айтып, кушкер кылып айтып берчүсүз. Сизди угуп отурган далай күндөр артта калды, турмуштун университетин сизден алдым, атың өчкүр куу турмуштун көп кырдуу сырын өздөштүрүүнү сизден үйрөндүм. Эсиңиздеби атаке, пациенттерди кабыл алып бүткөн соң, кыңылдап Атайдын “Эсимдесин” ырын ырдап коёр элеңиз, аны да даңылдабай акырын, найын ат үстүндө бараткансып созолонтор элеңиз. Эми Атайдын ал ырын мага ким ырдап берет? Олдо садагаң кетейин атакебай, энекебай, эми мен кимге эркелейм, кимдин көкүрөгүнө башымды коюп сырымды төгөм? Мен өз дүйнөмө өзүм батпай турам. Биринин артынан бири жарышкансып кете берди. Байбичеси эки күндөн кийин, абышкасына аттанып кетти. Менин баамымда, жарты кылым ашык жашаган түгөйлөр эгиз козудай болуп, жытыгышкан бир туугандан артык болуп калат турбайбы, абышкасын узатып коюп, жалгыз калууну энекем өзүнө ыраа көрбөдү окшойт.

Жамиля Насирова эже айтып калар эле, биринин артынан бири эрди-катын аркы дүйнөгө узап кетсе, демек аларда “Лебединая верность!” деген окуя кайталанат. “Ак куунун ургаачысы өлсө, эркеги бир аптага жетпей, жардан боюн таштап, ургаачысын артынан кетет деген уламыш кеп орустарда көп айтылат” деп бир жолу айтканы эске түштү, силер ошо ак куудай болуп жетелешип кеттиңер...

Оморбай ата, канчалаган адамды көрдүм, бирок сиздей айкөл, берешен инсанды учуратпадым. Түнү-күнү түмөн түйшүк менен дары жасоонун азабын далай баштан кечирдик. ”Бей-бечера, жарды-жалчы, жетим-жесир келсе, акчасынын кереги жок, кармата бергиле мунун да сообу тиет, ушунун көз жашын көрүп кантип буларга даап дары сатам, артканы деле жетишет, Алланын ыраазычылыгын алгыла!” деген алтын кебиңиз эсимде турат.

Мейли саясат болобу, мейли медицина жаатында, же маданият туурасында кеп кетсе, сизчелик эч ким маселенин көйгөйүн жакшы билчү эмес.Оморбай ата, фейсбукта сиз жазган публицистикалык “Айтпасаң эч ким билбейт, көрбөсө эч ким айтпайт” деген көптөгөн макалалардын түрмөгү коомчулуктун эсинде калыптыр, ошону эми ким жазат деп камтама болгон окурмандарыңыз чыкты. Сиз окемдер айтмакчы, “ходячий энциклопедия”элеңиз, сиз билген кишиге кыргыздын “Авиценнасы”элеңиз, Кош деп айтууга ооз барбай турат...

Энекем экөөңөр кер-мур айтышпай жашадыңар, оор күндөрдө да, ачуу кеп агытпадыңар, анткени ырматылык Жамал энекемдин кыялы, туруш турпаты эстүү зайып Каныкей апабызды элестетчү. Карпа-күрп бара калсаң: “Берекем отурчу, ысык чай ичип, баарлашалы!” деп эми мага ким айтат? Ушуну эстеп ичим сыйрылат, кудайга шүгүр эки жеңем турат, бирок алардын орду башка, ушулар аман болсун, силерден калган табериктерим!

Атакебай эсиндеби, экөөбүз дарыны жүктөп алып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусун кыдырып, 3 ай сапар карытканыбыз. Эл таң азан эшикке жыйылып калар эле. Ошондо мен жаткан бөлмөгө тыкылдатып, “Кызым тура кой, эл топтолуп калды. Кабыл албасак болбойт, тура гой!” деп эркелетип жасаган мамилеңди эстеп, боздоп отурам...

Бир ай мурун: “Гүлзат, мени Көк-Сайдын Сары-Үңкүрүнө таштап келсеңчи, ата конушун сагындым, ыбырсыган шаар турмушунан да тажадым” деген кебиңизге маани бербептирмин, эгер минтип тапатандан узап кетериңизди билсем, жонума көтөрүп алып барбайт белем. Анан бир аздан кийин, сөөгү эчак сөпөт болгон апаңызды эстеп, “Дайыма мени апам Омош деп эркелетчү, 30 сотук огоротту 3 күндө чаап койгон балбан апакемди эстегенде кемшеңдеп ыйлагым келет, таңгөрү согуш мезгилинде, апаң бир казан жарма кайнатып, айылдын кардын тойгузган” деп карылар айткан кебин негедир көп эстечү элеңиз..”Ата, азыр пандемия күч алып турат, августта акыбал жеңилдейт деген божомол бар, ошондо Ата журтуңузга сөзсүз алып барам,-деп сооротконума азыр өзүмдү өзүм жемелеп отурам...Көрсө сизди өлбөөчүдөй сезип алгам тура, кечир ата, “иттик” менден кетти...

Оморбай ата, Жамал энеке!Адам баласынын тагдырындагы жамандык, жакшылыктын бүт баардыгы Алланын амири, ыкласы менен болчу иш экен.Тирүүлүктөгү пенденин оң-сол иши жараткандын мызан таразасына салынса, бул жалганда кербездей өтөгөн олуттуу-омок соопчул иштериңиздер көп эле, Мухамбед пайгамбардын шапаатына туш келип, бейиштин төрүндө болгула. Алланын төрт периштеси кыяматта колдоп, сиздерге жар болсун.Кош бол мээр шапкаттуу асыл адамдарым, жаткан жериңер нур болсун, жан жолдошуңар үр болсун, мен силерди бейишке гана ыраа көрөм! Сиздин ишиңиз уланат, баары ойдогудай болот, баарыбызга үйрөтүп кеткенизге ырахмат. Эс-тутумду жазып, бир аз жеңилдей түшкөн сиздин кызыңыз”,- Оморбай Нарбековду атам деп эсептеген Гүлзат айым эскерүү жазып чыкты.

Эске сала кетсек, көрүнүктүү коомдук ишмер, дарыгер, Апрель Элдик революциясынын баатыры Оморбай Нарбеков 7-июл күнү 79 жашында каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости